Бишкектин тазалыгын бузган Шабдан баатыр көчөсүндөгү тигүү цехинин ээси жоопко тартылмакчы

Бишкектеги мекеме, ишканалардын санитардык абалын текшерүү уланууда. Мэриянын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги текшерүүсүндө Шабдан баатыр көчөсү 2 дарегинде жайгашкан унаа оңдоочу жай жана тигүү цехинде талаптар бузулганы аныкталды. Ишкананын айланасына таштанды төгүлүп, өндүрүштөн чыккан калдыктар топтолгону белгилүү болгонун мэрия кабарлады. Чарба ээси Д.Матисаковага карата тийиштүү протокол түзүлүп Октябрь райондук акимчилигинин комиссиясына жиберилди. Талапты бузганы үчүн ишкана ээси административдик жазага тартылмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.