Финалдык беттештин 113-мүнөтү. Марио Гетце Германияга жеңиш алып келген голду киргизди.
Биринчилерден болуп көзгө урунган сүрөттөлүш ушул болду. Германиянын коргоочусу Жером Боатенг голдун авторун куттуктап жатат.
Голдон кийин Германиянын канцлери Ангела Меркель ордунан тура калып колун көтөрүп, катуу кубанды.
Көп өтпөй калыстын ышкырыгы жаңырды. Бул ышкырык немистерге өтө чоң кубаныч тартуулады.
Германияда командалык духтун бар экенин мындан билиңиз, өз алдынча кубанып чуркаган киши болгон жок.
Германияда командалык духтун бар экенин мындан билиңиз, өз алдынча кубанып чуркаган киши болгон жок.
Финалды түз эфирде көрүп жаткан күйөрмандар гол киргенде сүйүнүчтөн өзүлөрүн жоготуп коё жаздашты.
Германияда жеңишти майрамдоо учурунан...
Германияда жеңишти майрамдоо учурунан...
Миңдеген күйөрмандар Германиянын финалдагы беттешин өз мекенинде көчөдө чогулуп көрүштү.
Германиянын лидери Бастиан Швайнштайгер сүйүнгөнүнөн көзүнө жаш алды.
Чабуулчу Лукас Подольски Германиянын өз тарыхында канчанчы ирет чемпион болгонун манжалары менен көрсөтүп жатат.
Дайыма мээлей кийип жүргөн дарбазачы Мануэль Нойердин жылаңач колун көрүп алыңыз. Ал колу менен Германиянын төртүнчү ирет Дүйнө чемпиону болгонун көрсөтүүдө.
Мануэль Нойер Германиянын желеги менен...
Лукас Подольски финалдагы жалгыз голдун автору Марио Гетцени куттуктап жатат.
Ангела Меркель Германиянын башкы машыктыруучусу Йоахим Лёвду жеңиши менен куттуктоодо.
Чемпиондордун урматына уюшулган салют...
Йоахим Лёв Дүйнө кубогун көтөрүү үчүн 10 жылдан ашык убакыттан бери курама командада машыктыруучулук кызматты аркалап келди.
Месут Өзил бул күнү бир топ өнөрүн көрсөттү. Көпчүлүктүн көңүлү анын медалына эмес, сол ийининде түшүрүлгөн татуировкага бурулуп жатты.
Лукас Подольскиден селфи. Өзүн өөп жаткан Швайнштайгер экөөнүн кубанычтарында чек жок...
Германия - Дүйнө чемпиону!
Германиянын мыкты бомбардири Томас Мюллер (5 гол) Пер Мертезакер менен биргеликте кубанычын бөлүшүүдө.
Оюнчулар кубокту кармап алып, стадиондогу күйөрмандарына ыраазычылык билдирип жатышат.
Лукас Подольски уулу менен...
Финалдык беттеште Марио Гетцеге натыйжалуу пас чыгарып берген Андре Шюррле...
Германиянын лидери Бастиан Швайнштайгер Дүйнө кубогу менен.
Германиянын мыкты бомбардири Томас Мюллер...
Германиянын футболчулары ортодо турган кубокко улам жакындап, кайра алыстап бийлешти. Бул "көп жолу жакындадык, акыры жеттик" деген маанини түшүндүрүп турган.
Майдандагы чемпиондукту белгилөө кийим которуучу жайда уланды.
Чемпиондор үчүн баарына уруксат. Меркель менен машыктыруучу Лёв жеңишти майрамдоо үчүн сыранын оозун ачып, ичүүгө камынып жатышат.
Месут Өзил да селфи менен жакындан тааныш экенин көрсөтүүдө.
Финалдагы голдун автору Марио Гетце кубок менен...
Бразилияга келип, 2 гол киргизүү менен Дүйнө чемпиондугунун тарыхындагы мыкты бомбардирге (16 гол) айланган Мирослав Клозе уулдары жана Германиянын канцлери Ангела Меркель менен...