super.kg logo

6 ай ичинде Бишкек шаарынын Октябрь районунун аймагында 90 өрт кырсыгы катталды

 
2014-жылдын алгачкы 6 айында Бишкек шаарынын Октябрь районунун аймагы боюнча 90 өрт кырсыгы катталган. Бул тууралуу Октябрь райондук өрткө каршы мамлекеттик кызматынын өрттүн алдын алуу бөлүмүнүн инспектору Салмоорбек Манапов билдирди.
Анын айтымында, өрттүн кесепети 6 ай ичинде 3 миллион 191 243 сомдук материалдык чыгымдарга алып келген. Каза болгондор жана оор күйүк алгандар болгон эмес. Өрт кырсыктарынын себептерин бөлүп караганда, чылым чегүүдөгү этиятсыздыктардан 35 өрт кырсыгы, электр зымдарын туура эмес туташтыруудан 21, өрткө этиятсыздык менен мамиле кылуудан 12 жана башка себептерден улам 22 учур катталган. 
Октябрь райондук өрткө каршы мамлекеттик кызматы жарандарга өрт кырсыктарына кабылып калуудан этият болууну жана тилсиз жоо катталган учурда 101 номуруна өз маалында чалуу керек экендигин эскертет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: