super.kg logo
  Саясат  

Вице-спикер Бөдөш Мамырова жаштардын “Парламент модели” долбоорунун өкүлдөрү менен жолугушту

 

Бүгүн, 15-июлда Жогорку Кеңеште жаштардын “Парламент модели-2014” долбоорунун катышуучуларынын I пленардык сессиясы өттү. Иш-чарага парламент төрагасынын орун басары Бөдөш Мамырова катышты.

Долбоордун өкүлдөрү менен депутат коомдогу актуалдуу көйгөйлөрдү талкуулашканын ЖКдан билдиришти. 

Мамырова Жогорку Кеңештин, комитеттердин, фракциялардын иши жөнүндө маалымат берип, жаштардын келечеги үчүн мектептердеги, ЖОЖдордогу алган билими маанилүү ролду ойноорун айтты.

Айта кетсек, “Парламент модели-2014” долбоорунун катышуучулары - аталган долбоордун өкүлдөрү тарабынан тандалган Бишкек шаарындагы мектептердин 8-9-10-класстарынын окуучулары. Долбоор ЖККУ жана Эл аралык билим берүү боюнча Америка кеңеши менен бирдикте ишке ашырылууда. Ал жаштарды парламенттик башкаруу формасынын негизги түшүнүктөрү менен тааныштырууга, демократиялык кайра курумдардын негизги принциптерин үйрөтүүгө, көйгөйлөрдү талдап, аларды чечүүнүн жолдорун талкуулоого багытталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: