super.kg logo

Ири дүкөндөрдө жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө бир нече эреже бузуулар табылды (фоторепортаж)

 
Рейд жогоруда аталган ири дүкөндөрдө өттү.
Рейд жогоруда аталган ири дүкөндөрдө өттү.
Рейд жогоруда аталган ири дүкөндөрдө өттү.
Сол жактагы сүрөттө азыктын чыгарылган датасы көрсөтүлгөн кагаздын чапталганы эреже бузууга жатат. Себеби анын датасын жаңыртып турууга мүмкүн. Оригиналы оң жактагы сүрөттөгүдөй болууга тийиш.
Азыктын чыгарылган датасы чапталган кагазда белгиленүүдө. Бул эреже бузуу.
Журналисттер 3 ай мурун, апрелде чыгарылган фаршты (тууралган эт) табышты.
Сол жактагы сүрөттө азыктын чыгарылган датасы көрсөтүлгөн кагаздын чапталганы эреже бузууга жатат. Себеби анын датасын жаңыртып турууга мүмкүн.
Рейддин жүрүшүнөн...
Рейддин жүрүшүнөн...
Рейддин жүрүшүнөн...
"Ар бир дүкөндө кардарлар үчүн маалымат болуш керек" дейт Таалай Кенжешев.
Таалай Кенжешев сэндвичтер боюнча арыздар көп түшүп жаткандыгын билдирди.
Таалай Кенжешев сэндвичтер боюнча арыздар көп түшүп жаткандыгын билдирди.
Дүкөндөрдүн кызматкерлери жука мээлей кийиши керек.
Рейддин жүрүшүнөн...
Бул азыктын датасы англис тилинде гана жазылууда.

Бүгүн, 15-июлда КРнын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо кызматы Бишкектин “Народный” жана “7 дней” аттуу ири дүкөндөрүнө рейд жүргүздү. Иш-чаранын максаты эт жана сүт азыктары кандай шарттарда сакталгандыгын текшерүү болду.

Анын жүрүшүндө көп учурда айрым азыктардын таңгактарында азыктын чыгарылган датасы чаптамай кагазга белгиленгени табылды. “Бул эреже бузуу болуп саналат. Анткени өндүрүүчүлөр же дүкөндөрдүн кызматкерлери эски датасын жаңыга алмаштырып чаптап коё алышат”,- деп түшүндүрдү аталган мекеменин башкы адиси Таалай Кенжешев.

Мындан тышкары продукциянын курамы жөнүндө эч кандай маалыматы жок эт азыктары да болду. Андан соң журналисттер үч ай мурун, апрелде чыгарылган фаршты (тууралган эт) табышты. Бул боюнча дүкөндүн менеджерин чакырып сурасак, ал “Фаршты муздаткычта 9 айга чейин сактаса болот. Эгер кандайдыр бир азык-түлүктүн сактоо мөөнөтү аяктаса, өндүрүүчүлөр аны алып кетишет. Биз буга катуу көңүл бурабыз”,- деп жооп берди.

Т.Кенжешевдин айтымында, эгер кардар кайсы бир дүкөндөн эреже бузууну тапса, Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо кызматына кайрылышы керек. "Бизге арыздар түшүп турат. Биз алар менен иштеп жатабыз. Эгер дүкөндүн башкармалыгы эреже бузууну четтетпесе, ага айып пул салынат",- деди адис.






Ири дүкөндөрдөгү рейддин жүрүшүндө бир нече эреже бузуулар табылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: