super.kg logo
  Саясат  

Ахматбек Келдибековдун сот иши 22-июлга жылдырылды

 

Бүгүн, 15-июлда Ахматбек Келдибековго козголгон кылмыш иши боюнча алгачкы сот отуруму өтмөк. Биринчи Май райондук сотунда өтүүчү соттук отурум маалында Ахматбек Келдибековдун сотко келбегени белгилүү болду. Депутаттын жактоочусу Татьяна Чильникина келбей калганынын себебин анын ден соолугуна байланыштырды.

Мен ал кишиге жолукканы киргенде анын ден соолугу өтө начар болуп жаткан. Ал кийинки операциясына даярданып жатат. Анын келбей калганына мен таң калган деле жокмун”,- дейт жактоочусу.

Судья соттук отурум 22-июлда улантыларын билдирди.  

Эске салсак, Башкы прокуратура тарабынан 2013-жылы 20-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибеков камакка алынган. 22-ноябрда Октябрь райондук соту депутатты баш коргоо чарасы менен 2 айга камоо чечимин чыгарган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: