super.kg logo

Ошто менингит оорусу менен кайрылгандардын саны өскөндүгү байкалууда

 

Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын неврология бөлүмүнө акыркы мезгилде менингит оорусу менен кайрылгандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда аталган оорукананын неврология бөлүмүнүн башчысы Гүлбара Аманбаева билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылдын жарым жылында 3 бейтап кайрылса, бул жылдын 6 айында 11 жаран дарыланууга келген. 2013-жылы бир адам аталган илдеттен каза тапса, ушул жылы 3 адам көз жумган. Менингит аба менен кишиге жугуучу оорулардын катарына кирет. Бул мээнин эң көп жабырлануучу ооруларынын бири.

Ооругандардын 20 пайызы бул оорудан каза табат. Аталган оору адамга эки метр аралыктан жугат. Менингит кадимки эле сасык тумоого окшоп башталып, адамдын дене табы жогорулап, көңүлү айный баштайт. Мындай учурда жарандар сөзсүз түрдө дарыгерлерге кайрылуусу керек”,- деди ал.

Айта кетсек, өлкөдө жыл башынан бери эле 150 адам менингит оорусу менен катталган. Дарыгерлердин айтуусу боюнча, ар он жылда бул илдет күч алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
15.07.2014. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кантип сактануу жолдору барбы?
16.07.2014. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
josholu, Саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтемелер аркылуу өтүп, маалымат ала аласыз: http://www.super.kg/article/?article=20105
http://www.super.kg/article/?article=27845
Модератор admin_portal түзөттү 16.07.2014 11:27
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: