Нарын. Облуста бир жылдын ичинде мал-жандыктарына байланыштуу 409 арыз катталды
2012-жылы Нарын облусунда мал уурулук жана мал жоготууга байланыштуу 409 арыз-даттануулар катталган. Укук коргоо кызматкерлери тарабынан 85 арыз боюнча иш козголуп, уурдалган 122 баш мал ээлерине кайтарылып берилди. Ошондой эле былтыр облуста мал уурулугу боюнча 85 окуя катталып, алардын ичинен 76 кылмыштын бети ачылды. Мындай маалыматты Нарын ОИИБинин маалымат кызматы билдирди.
Ал эми 2012-жылы 469 баш малды карышкыр жеген. Айта кетсек, 57 бодо мал, 173 жылкы, 239 кой-эчки жырткычка жем болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
0

