super.kg logo
  Саясат  

Валерий Диль: "Кыргызстан Түркмөнстандын экономикалык, социалдык жетишкендиктерине кызыгуу менен көз салып турат"

 

Бишкекте бүгүн, 15-июлда вице-премьер-министр Валерий Диль Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрага орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Диль: “Кыргызстан боордош Түркмөнстандын экономикалык, социалдык жана башка тармагындагы жетишкендиктерине зор кызыгуу менен көз салып турат”,- деди.

Ал Кыргызстан Түркмөнстан менен өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактар боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин, ал эми Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчилик миссиясын ачуу тууралуу чечими кыргыз-түркмөн мамлекет аралык мамилелер тарыхындагы маанилүү окуя болуп саналарын айтты. Аталган чечим бардык келечектүү багыттар боюнча өз ара пайдалуу кызматташууну активдештирүүгө көмөк көрсөтөт.

Ошондой эле Валерий Диль биздин мамлекеттер темир жол жана унаа жолдору менен байланышкандыгына ылайык, эки өлкө ишканаларында чыгарылган продукция эки тараптын рыногунда суроо-талапка ээ. Кыргызстан жана Түркмөнстан мамилелерди активдештирүүнүн ведомство аралык механизмин, тактап айтканда, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөт аралык комиссияны түзүүгө киришсе болот.

Түркмөнстан текстилдик өнөр жай, капиталдык курулуш, айыл чарба, өзгөчө дан өсүмдүктөрүн жана пахта өстүрүүнү өнүктүрүү боюнча жогорку натыйжага ээ болгон жана бул жаатта тажрыйба алмашуу өз ара кызыкчылыкты туудурат”,- деп белгиледи вице-премьер






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: