Эртең Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт
Эртең, 16-июлда аба чубалгылары менен бир катар көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" АККнын басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкектин Айтматов, Салиева, Кулиев, Пушкин, Зелёная, Рыскулов көчөлөрүндө электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Ошондой эле Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Гроздь, Пятилетка, Виноградное, Теңдик, Лесхоз айылдарында жана Сокулук районундагы Сарбан, Жал, Күн-Туу, Шалта, Учкун, Белек, Манас айылдарында жарык өчөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.