super.kg logo
  Саясат  

Депутат Карганбек Самаков "Ата Мекен" партиясынан чыкканы боюнча билдирүү жасады

 
Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков "Ата Мекен" партиясынан чыкканы боюнча расмий билдирүү жасады. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, депутат партиядан чыгуу ниети боюнча "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевге кайрылуу жиберди.

“Сиз менен көптөн бери өз ойлорум тууралуу бөлүшсөм деп жүрчүмүн. Эми убакыт келди окшойт. Мен “Ата Мекен” партиясынан чыгып жатам. Себебин түшүндүрүп берейин. Мамлекетке терең берилгендиги үчүн бардык "ата мекенчилерге" ыраазычылык билдиргим келет. 18 жыл бул партия диктатура жана коррупцияга каршы чыккан адамдарды бириктирип келди. Ар жылы “Ата Мекенге” белгилүү саясатчылар кирген, алардын арасында башка партиялардын лидерлери да бар болчу. Социалисттер, либералдар, консерваторлор... Бул мезгилде “Ата Мекен” күрөштүн символу болгон. Анын эмгеги элде унутулгус бойдон калат”,- деп башталган кайрылууда депутаттын партиядан чыгышына парламенттик системдеги кемчиликтер себеп болгону айтылат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: