super.kg logo
  Саясат  

Декларация: Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун жылдык кирешеси 395 824 сом

 
Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов (сүрөттө) 2013-жылы 395 824 сом киреше тапканын айтты. Декларациясына таянсак, министрдин жакындары былтыр 4 миллион 700 000 сом киреше табышкан. Аларга караштуу 230 чарчы метр аянтты ээлеген батир бар. 
Алмамбет Шыкмаматовдун орун басары Нурболот Кутманов былтыр 484 400 сом киреше тааптыр. 2 жер тилкесине ээлик кылат, үйү, автоунаасы тууралуу маалымат берген эмес. Жакындары 2 батир, 1 жер тилкесине ээлик кылышат. 
Министрдин дагы бир орун басары Жылдыз Мамбеталиева өткөн жылы 509 899 сом киреше тапканын, өзүнө караштуу 94,1 чарчы метр жерди ээлеген батир бар экенин айтты. Жакындары курулушу бүтө элек 1 имаратка, 1 жер тилкесине ээлик кылышат. 2010-жылы чыгарылган Тойота Камри үлгүсүндөгү автоунаасы бар. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: