super.kg logo
  Спорт  

Кыргызстандык калыс Бахадыр Кочкаров Бразилиядан кайтып келди

 

Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунда 4 беттеште каптал калысынын милдетин аркалаган кыргызстандык калыс Бахадыр Кочкаров 15-июлдан 16-июлга караган түнү Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Б.Кочкаров Бишкектеги “Манас” аэропортуна саат 02:30да келип түшкөн. Аны Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү, КРнын Футбол федерациясынын өкүлдөрү тосуп алышкан.

Кошумчалай кетсек, Бахадыр Кочкаров өзбекстандык калыс Равшан Ирматовдун бригадасынын курамында 4 беттеште калыстык милдетти аркалаган. “ЮАР-2010го” да барган жердешибиз Дүйнө чемпиондуктарынын тарыхында 9 беттешти тейлеген калыс катары Равшан Ирматов менен биргеликте жаңы рекорд койгон. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
16.07.2014. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Куттуктайм кыргызстандын атын чыгарды эмнеси болсо да .
16.07.2014. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Равшандын бригадасынын калыстыгы так жана тура болду,буйно жузу макташууда
16.07.2014. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
финалды алып барышса да татыктуу эле ,буйруса 2018-жылы финалды алып барышат го .
16.07.2014. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
красавчик )))), сыймыктанабыз!!!
16.07.2014. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Интервью алып берсениздер жакшы болмок.
26.07.2014. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин бийлик тарабынан эч кандай конул бурулбады. Керек болсо жакшы маанайда да тосуп албаптыр. Мамлекет тарабынан сыйлык берип койсо жакшы болмок кансе да КЫРГЫЗСТАНды бут дуйного таанытты.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: