Футбол боюнча өлкө чемпиондугунда “Алай” клубу “Манасты” утуп, мелдеш жадыбалында алдынкы үчтүккө кирди



Мелдеш жадыбалы (15-июлга карата).
“Манас” (Талас) – “Алай” (Ош) – 0:5
Голдор: Ахмедов (5-мүнөттө), Мирзалиев (27-мүнөттө, 83-мүнөттө), Дуванаев (29-мүнөттө), Рахманов (41-мүнөттө).
Футбол боюнча өлкө чемпиондугу – ТОП-Лиганын 14-турунда кечээ, 15-июлда таластык “Манас” жана оштук “Алай” командалары беттешти. Өлкө чемпиондугунун биринчи айлампасынын акыркы беттеши 5:0 эсебинде “Алайдын” жеңиши менен аяктады. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол Лигасынан кабарлашты.
Кошумчалай кетсек, ТОП-Лиганын экинчи айлампасында алдынкы орундарды ээлеп турган 4 команда чемпиондук үчүн беттеш өткөрүшөт. Ал эми биринчи айлампанын жыйынтыгында 4-8-орундарды ээлеп калган командалар өз ара ойношот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.