Калыс Бахадыр Кочкаров: "Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугу тууралуу китеп жазам"

Футбол боюнча Бразилияда өткөн Дүйнө чемпиондугунун 4 оюнунда калыстык милдетти аркалаган кыргызстандык Бахадыр Кочкаров алгач Бишкекке келип түшүп, анан Ошко жөнөгөн. Аны Ош аэропортунан Ош шаардык жана облустук дене тарбия жана спорт комитети, жакын санаалаштары күтүп алышты. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда Дене тарбия жана спорт комитетинен билдиришти.
Анда маалым болгондой, КРнын Түштүк аймактык олимпиадалык спорт мектебинин жетекчилиги тарабынан калпак жана чепкен кийгизилди. "Дүйнө чемпиондугу башталгандан кийин 12 күн нормативдик тест тапшырдык. Оюндар 13-июнда башталды. Мен эми бул Дүйнө чемпиондугу тууралуу китеп жазам. Анда көп маалыматты камтымакчымын”,- деп билдирген Б.Кочкаров.
Андан тышкары ал кыргызстандыктардын Дүйнө чемпиондугуна катышуусу үчүн (калыстар жана футболчулар) өсүп келе жаткан жаш балдарга өзгөчө көңүл буруу керек экенин кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
4

ушунча чоң Россиядан бир калыс жок за то бизде бар ,мен сүйүндүм Баходыр Кочкаров KGZ деп чыкканда .