super.kg logo

"Альфа Телеком" компаниясынан 500 миң доллар алып чыгып кеткен" деп соттолгон Раушан Рыкунова кайрадан аялдар абагына камакка алынды

 

"Альфа Телеком" компаниясынан 500 миң доллар алып чыгып кеткен" деп соттолгон Раушан Рыкунова кайрадан аялдар абагына камакка алынды. Бул тууралуу жаза аткаруу мекемесинен бүгүн, 16-июлда кабарлашты.

Эске салсак, “Альфа Телеком” ЖАКы боюнча айыпталып жаткан Раушан Рыкунова Бишкек шаардык соту тарабынан 9 жылга эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланган. Сот өкүмүнө ылайык, ал жазасын аялдардын түзөтүү колониясында өтөп келген. Ал эми ушул жылдын июнь айында Аламүдүн райондук соту Раушан Рыкунованы жатак колонияга чыгарган эле.

Бирок 8-июлда Жогорку Сот  Раушан Рыкунованын жатак колонияга которулушу боюнча Аламүдүн райондук сотунун чечимин жокко чыгарган.Тактап айтканда, Рыкунованы жазасын жатак колонияда эмес, жабык түрдөгү жаза аткаруу мекемесинде өтөөсү керектиги жөнүндө чечим чыгарган. Чечимдин негизинде Раушан Рыкунова аялдар абагына жеткирилди.

Ал жогоруда аталган компаниядан 500 миң АКШ долларын чыгарып кеткен деп айыпталып жаткан.

Ошондой эле күйөөсү Влад Рыкунов жана сиңдиси Айнура Сим 6 жылга эркинен ажыратылган.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: