super.kg logo

Орусия. Метродогу кырсыктан жаракат алган кыргызстандык Медербек Марасулов жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда

 

Москвада метродогу кырсыктан жаракат алган кыргызстандык Марасулов Медербек Махаматмусаевич жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда. 1987-жылы Ош облусунда туулган Кыргызстандын жараны кырсыктан кийин тик учак менен бейтапканага жеткирилген. Кечээ анын абалы оор деп жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. 

Бүгүн, 16-июлда аны жаракат жана сыныктар бөлүмүнө которуу каралып жатат. Кырсык учурунда анын оң көкүрөгү, өпкөсү, буттары жабыркаган. Дарыгерлер Кыргызстандын жаранына медициналык жардам көрсөтүшүүдө. Ал Орусия тараптан акысыз дарыланат. Бул тууралуу КРнын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, 15-июлда эртең менен "Славян бульвары" станциясынан 200 метр алыстыкта поезд тез токтоп, 3 вагон рельстен чыгып кеткен. Метродогу кырсыктан көз жумгандардын саны 22ге, жаракат алгандардын саны 140ка жеткени, жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында чет өлкөлүктөр да бар экени айтылган.

Орусиядагы Кыргызстандын элчилиги жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында кыргызстандыктар бар экенин маалымдаган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
16.07.2014. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulperi.kg, Саламатсызбы!
"Жабыр тарткандар жок" деген маалымат кечээ чыккан. Анда толук тактала элек болчу. Ал эми бүгүн кыргызстандык бир жаран жаракат алып, дагы бир жаран каза болгондугу белгилүү болгон: http://www.super.kg/kabar/news/75669/
Маалыматты кунт коюп окусаңар!
Модератор admin_portal түзөттү 16.07.2014 16:31
16.07.2014. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооба ошондой болуптурго.
16.07.2014. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мекенибизге болгон кусалык,сагыныч менен аран кун откоруп иштеп жургонубуздо ушундай боодо кырсыктан алыс болсок экенбиз.Метрого киргенденда коркуп калдым.
16.07.2014. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы болуп кетсин эми.
16.07.2014. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Медербектин сакайып кетишин тиленем барып комок корсотсок болот болдубекен?
17.07.2014. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aisuluu_8, ооба комок корсотсонор болот.Метро Бабушкинская, 20-больницада жатат
16.07.2014. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Batyraak aiygyp ketsin,Mederbek Nookattan emes beken?
17.07.2014. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aizhanka91, рахмат.Ооба Медербек Ноокаттын Кызыл-Аскер деген айылынан болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: