Орусиянын Тергөө комитети Мээрим Арунованын метродогу кырсыктан көз жумганын ырастады
Бүгүн, 16-июлда Орусиянын Москва шаары боюнча Тергөө комитети 1987-жылы туулган Кыргызстандын жараны Мээрим Арунованын метродогу кырсыктан улам каза болгонун ырастады. Буга чейин шаардагы №1-өлүкканага Кыргызстандын жараны алынып келингени жана маалыматты тактоо үчүн КРнын Орусиядагы элчилигинин өкүлдөрү өлүкканага жөнөп кетишкени айтылган эле. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.
"Азыркы тапта "Жүк-200дү" мекенине алып кетүү, соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү үчүн элчилик маркумдун Кыргызстандагы туугандарын күтүп жатат. Кырсыктан улам жабыркагандардын жана каза тапкандардын акыркы тизмеси чыгарыла элек. Бул боюнча тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө" деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 15-июлда эртең менен "Славян бульвары" станциясынан 200 метр алыстыкта поезд тез токтоп, 3 вагон рельстен чыгып кеткен. Метродогу кырсыктан көз жумгандардын саны 22ге, жаракат алгандардын саны 140ка жеткени, жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында чет өлкөлүктөр да бар экени айтылган.
Орусиядагы Кыргызстандын элчилиги жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында кыргызстандыктар бар экенин маалымдаган. Кырсыктан жаракат алган кыргызстандык Медербек Марасулов жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда.



Балким ал созундо турса кайрылып коруш керек.15.07.14 куну окуя болгондон кийин интернетке жарыялады. ХХХ дан корсо болот суйлогонун.
Курамы окшош сайттарды жарнама кылууга тыюу салынат.
Сунушуңузга рахмат!
Кабарды окуп жатканда дата, убагын деле карап койсон э дос. Кырсык болгондо КРлыктар жок деп жатышкан. Кийин каза болгондордун саны улам осуп жатты. Кийин гана билинди да канча адам каза болуп, канчасы жаракат алганды. Внимательный болуп алып, анан башкаларга доомат койсок.
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
Урматтуу супер инфо ТИМдин башчысын редакциянарга чакыра аласыздарбы ушундай суроолор боюнча баарлашат елек посольдор кандай иштеп атканын айтат елек,бир кишиге жарытып жардам бергенин коро елекпиз,консулдагы юристерге ишин тушпосун да,омуру кармай елек акчаны айтышат!