super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев оор жүк ташуучу унаалардын ашыкча жүк менен жүрүшү көзөмөлсүз калып жатканын айтты

 
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 16-июлда чек ара аймактарында оор жүк ташуучу унаалардын жүктөрүн көзөмөлдөө маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Оторбаев аталган тармакта иш ойдогудай эместигин айтат. "Транспорт жана коммуникация министрлиги тарабынан тиешелүү көзөмөл жок, коррупциялык схемалар дагы деле иштеп жатат. Оор жүк ташуучу унаалар ашыкча жүгү менен жол кыртышын бузууда жана жолдо жүрүүчүлөрдүн коопсуздугуна коркунуч жаратууда",- деди премьер. 
Аталган министрликке тапшырма берилди. Эми министрлик салмак өлчөө пункттарынын абалын текшерип, мыйзам бузган тараптарга чара көрмөкчү.
Өкмөт жетекчиси Экономика министрлиги менен Жүк ташуучулар ассоциациясынын ортосунда түзүлгөн кырдаалды талкуулоо тапшырмасын да берди. Айтымында, оор жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу сыяктуу эле жүктүн ээси да жоопкерчиликке тартылышы зарыл. Салмак өлчөөчү жайларга жакын жерге оор жүк ташуучу унаалар үчүн айып аянтчалары түзүлүшү мүмкүн. "Сиз транспорт жана коммуникация министри катары салмак өлчөөчү жайлардагы тартип үчүн жекече жоопкерчилик тартасыз",- деп кошумчалады өкмөт башчы. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: