Бишкекте аялы мас болуп келген күйөөсүн бычак менен сайып өлтүргөнүн мойнуна алды
Бишкекте аялы күйөөсүн үй-бүлөлүк чыр-чатакта өлтүрүп салганын мойнуна алды. Бул боюнча Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 17-июлда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Бишкектин Чолпон-Ата көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде 58 жаштагы Геннадий аттуу жарандын жансыз денеси табылган. Аталган жаран бычактан алган жаракаттардан улам каза болгондугу аныкталган. Ыкчам аракеттердин натыйжасында жогорудагы жарандын өлүмүнө тиешеси бар деген шек менен анын 57 жаштагы Ольга аттуу аялы кармалган.
Иликтөөдө Ольга күйөөсү мас абалында келип, чыр чыгарып сабай баштаганда кокусунан бычак менен сайып жибергендигин мойнуна алган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камалып, тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
datkaaiym

17.07.2014. 10:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
арак арак эмнени гана кылбайт кудай озу сактасын
turgunbek

18.07.2014. 13:53
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тооба ушу аялы куйоосун олтуруптур дегенди окусан жалан орустар болот кудай сактай кор.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.