super.kg logo
  Саясат  

Чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик программанын долбоору талкууланды

 

16-июлда Бишкекте чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик программанын долбоору талкууланган жыйын өттү. Жыйынга төрайымдык кылган вице-премьер-министр Эльвира Сариева чет жерде иштеп жүргөн кыргызстандыктарга мекендештердин бирикмелери чоң көмөк көрсөтүп жатканын айтты.

Мекендештердин бирикмелери өлкөдөн сырткары жерде иштеп жаткан кыргызстандыктарга чоң көмөк көрсөтүүдө. Мекендештер тарабынан мамлекеттик программа долбооруна киргизилип жаткан сунуштарды документ бекитилүүгө дейре кабыл алуу зарыл. Биз мекендештерди бириктирүү жана аларга колдоо көрсөтүү боюнча ишти бирдикте алып баруубуз керек”,- деди Сариева.  

Жыйын соңунда Сариева Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине мамлекеттик программаны талкуулоо процессине чет жердеги мекендештердин диаспора жана биримдик өкүлдөрүн тартуу тапшырмасы берилди. Талкуулоо процессинен соң, чет жердеги кыргыздардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча мамлекеттик программа өкмөткө бекитилүүгө киргизилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: