Сирияда бийликке каршы күрөшүп жүргөн кыргызстандыкты мекенине кайтаруу иштери башталды
Сирияда өлкө башчысы Башар Асадга каршы күрөшүп жүргөн кыргызстандыкты мекенине кайтаруу иштери башталды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 17-июлда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Сирия мамлекетинде оппозициячыл "Эркин Сирия армиясынын" катарында Башар Асаддын бийлигине каршы согушуп жүргөн бир кыргызстандык жаран бар экени белгилүү болгон.
Ал Ош шаарынын 1991-жылы туулган тургуну экендиги жана аты-жөнү такталып, 2013-жылдын июль айында Түркия мамлекети аркылуу Сирияга кеткендиги аныкталды. Учурда укук коргоо органдары 23 жаштагы Кыргызстандын жаранын мекенине кайтаруунун үстүндө иш-чараларды башташты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.