Тажикстандын тышкы иштер министри: "Кыргызстан менен чек араны делимитациялоодо эки тарапты канааттандырган жол табыла элек"
Бүгүн, 17-июлдагы маалымат жыйынында Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Аслов "Кыргызстан менен чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо багытында эки тарапты канааттандырган жол табыла элек" деп билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Ал чек ара маселесин жергиликтүү тургундардын социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын эске алуу менен чечиш керектигин айтып: "Чек арадагы соода-сатыкты жөнгө салып, транзиттик жана транспорттук керектөөнүн эффективдүү жолдорун иштеп чыгуу зарыл. Акыркы учурда жергиликтүү тургундардын каны төгүлдү. Биз чек арадагы көйгөйлөрдү чечүүчү бир катар сунуштарды айттык. Исфара - Ворух жана Ак-Сай - Тамдык жолун курууга баары даяр. Бирок эки тараптан кандайдыр бир көйгөйлөр чыгууда. Бул багытта иш алып баруу керек",- деди ал. |
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

