Биринчи вице-премьер-министр: “Чиновниктер жайлуу бөлмөлөрүндө эмес, талаага барып дыйкандар менен жолугушу керек”
Бүгүн, 17-июлда Чүй облусундагы суу маселесине арналган отурумда КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев: “Чиновниктер жайлуу бөлмөлөрүндө отургандын ордуна, талаага барып дыйкандар менен жолугушууларды өткөрүшү зарыл”,- деди.
Анын айтымында, ал өзү дагы бир жолу облустун Панфилов районуна барып текшерүүлөрдү жүргүзүп келет. “Мурдагы аптага салыштырмалуу бүгүн сугат суу көбүрөөк келүүдө. Кант кызылчасы жана жер-жемиштер жакшы сугарылды”,- деди ал.
Андан соң биринчи-вице-премьер-министр КРнын Айыл чарба министрлигине Чүй облусундагы сугат суу маселесин чечүүгө бардык күчтү жумшоону буюрду. “Чүй облусу – мамлекетибиздин экономикасынын жарымы, айыл чарба тармагынын жарымы”,- деди Т.Сарпашев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















