Кеминдеги сугат каналынан жаңы төрөлүп, киндиги кесилбеген ымыркайдын жансыз денеси табылды
Кемин районунда сугат каналынан жаңы төрөлгөн, киндиги кесилбеген ымыркайдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 17-июлда билдирди. Маалыматтарга караганда, Кемин районунун Чым-Коргон айылындагы каналдын суу бөлүштүрүүчү аймагынан жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денеси табылган.
Ымыркайдын жаңы гана төрөлгөнү байкалган, себеби төрөлгөндөгү тону менен жана киндиги кесилбеген абалда болгон. Учурда аталган окуя боюнча соттук-медициналык жана соттук-биологиялык экспертиза дайындалып, кылмыш иши козголду.
Белгилүү болгондой, азыркы тапта милиция кызматкерлери жакын жайгашкан айылдарда каза болгон ымыркайдын энесин издөө иштерин жүргүзүшүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
-1

Жаны кыйналып төрөп , сууга ыргытканы КАНТИП жүрөгү чыдады экен . Уйкусуз таңдарды атырып жатса керек . Балким наристе түшүнө кирип ыңалап жаткандыр.
оюнчуктай эле болуп бара жатат.
Бул да болсо закондун алсыздыгы, жарандар законго баш иймек турсун тоготуп да коюшпайт.