super.kg logo

Украинада малайзиялык Боинг учагы жарылып, 298 адам каза тапты

 
Учурда бардык учактар Украинанын чыгыш тарабын айланып учуп өтүүдө.
Украинанын Донецк облусунда 17-июлда малайзиялык Боинг 777 учагы жарылып, 295 адам каза тапканы айтылды. Амстердамдан Куала-Лумпурга бара жаткан учакта 280 жүргүнчү, 15 экипаж мүчөсү болгонун чет элдик маалымат булактары жарыялашты. Украина бийлиги менен Донбасс элдик кошуундарынын өкүлдөрү бул факты боюнча күнөөнү бири-бирине коюуда. 
"Malaysia Airlines" компаниясынын өкүлү учактын ичинде 298 жүргүнчү болгонун маалымдады. Алардын ичинен 154 адам Нидерландынын жарандары. Австралиянын - 27, Малайзиянын - 23, Индонезиянын - 11, Улуу Британиянын - 6, Бельгия менен Германиянын - 4, Филиппиндин - 3 жана 1 Канаданын жараны. Мындан сырткары 47 жүргүнчүнүн жарандыгы тактала электиги айтылууда.  
Орусия тараптан айрым булактар "Украина куралдуу күчтөрү президент Владимир Путиндин учагын атууну пландап, бирок адашуудан малайзиялык учак кырсыктады" деген версияны да айтышууда. Булак буларды билдирет: "Президенттик борт жана жүргүнчү ташуучу учак бир эшелондо, бир чекитти кесип өтүшкөн. Бул Варшавага жакын аймакта, 330-эшелондо жана жерден 10 100 метр бийиктикте болду. №1-борт ал жерде Москва убактысы боюнча саат 16:21де, малайзиялык учак 15:44тө болгон".
Боинг 777 Бишкек убактысы боюнча саат 21:00 чамасында Украина күчтөрү менен Донбасс элдик кошууну кагылышып жаткан аймакка, Грабово айылына кулаган. Маалыматтарга таянсак, учак асманда жарылып, калдыктары 4 чакырым аралыкка чейин чачыраган. 

кошулду





Малайзиялык учак Украинанын үстүндө жарылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(41)
18.07.2014. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудай сактасын 295адам е ...аябайле коп екен куноосуз адамдар учака кимдир бироо кол салганда ушу украинада эч тынчыбыдыго.
18.07.2014. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кудай сактаа! Бироонун кызыкчылыгы учун куноосуз элдерди олтурушту.
18.07.2014. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ажалдан качып кутулбайбызда ар кимибиз мандабайыбызга жазганын коробуз.куда жаратты ,алам деген куну ушинтип алып койот тура!жайынар жайлуу болсун.
18.07.2014. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
бу украина зомби болуп калганбы америка эмне десе ошону кылып. Кырылса бири-бири менен кырыла бебейби, куноосуз, тиешеси жок адамдарды олтурбой, арасында жаш балдар да журот. эээ Кудай деги кайда баратабыз ((((((((((((((((((((
21.07.2014. 04:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
GUMU, amerika tut prichem? Provokatsuyaga beri lip alarda jaman ish kylyp atyshat. Orustar ele go.
18.07.2014. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жараткан кудай ушинтип эле бир кун бизди да алып кетээр ыйманга келели туугандар
18.07.2014. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jaman iw bolyptyr Allahym saktasyn ar kimibizdi kaza tapkandardyn jakyndaryna kayrat kylgyla dep kalmakmyn ,
18.07.2014. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыр заман жакындаганда адамдан пейил кетип Кудайдан алыстап,Кудайга жаккан эмес- шайтанга жаккан иштерди жасап жаттканын озу да билбей калат окшойт.Адам омуру чымын олтургондой болуп калдыго
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: