Нарында "Кыргызстанда элеттик аялдардын ишкердигин өнүктүрүү" аттуу конференция өтүүдө
Нарын шаарында "Кыргызстанда элеттик аялдардын ишкердигин өнүктүрүү" аттуу экинчи республикалык конференция өтүүдө. Бул тууралуу 18-июлда Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Министр Кудайберген Базарбаевдин айтымында, иш-чаранын максаты элеттик ишкер айымдарга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү жана мүмкүнчүлүктөрүн теңөө болуп саналат.
"Өткөн жылы иш-чара алгачкы жолу мамлекеттик деңгээлде өткөрүлдү. Азыркы тапта Кыргызстандын калкынын 60 пайызы айыл жергесинде жашап келишет. Ошондуктан мүмкүнчүлүктөрдүн жана түзүлгөн шарттардын бирдей болгону маанилүү. Бул жетекчи аялдардын санын көбөйтүү керектигинен кабар берет. Учурдагы ишкердиктин 70 пайызы чакан ишкерлер болсо, алардын 57 пайызында эркектер иштешет. Ири ишкердикте эмгектенген эркектер 5 пайыз болсо, аялдар 2 пайыз",- деди Кудайберген Базарбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.