Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө мыйзамга кол коюлду
Жогорку Кеңеш 2014-жылдын 25-июнунда кабыл алган ”Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” мыйзамга бүгүн, 18-июлда Алмазбек Атамбаев кол койду.
Мыйзам мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн негизги принциптерин белгилейт, бул чөйрөдөгү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдө аткаруучулар менен керектөөчүлөрдүн ортосундагы укуктук мамилелерди жөнгө салат.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 6 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

