super.kg logo
  Спорт  

Испания курама командасынын машыктыруучусу Висенте дель Боске дагы эки жыл кызматында калат

 

Испания курама командасынын машыктыруучусу Висенте дель Боске дагы эки жыл өз ордунда калат. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда чет элдик маалымат булактары кабарлады.

Маалыматка ылайык, Испаниянын футбол федерациясынын өкүлдөрү менен машыктыруучу кеңешип, мындан ары кызматташа берүү чечимин кабыл алышкан. Висенте дель Боскенин Футбол федерациясы менен болгон келишими 2016-жылы аяктайт. Испания курамасы Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунда тайпадан чыга албай калганда 63 жаштагы адис мөөнөтүнөн мурда кызматын таштап кетүү планы жок экенин айткан. “Мен тиешелүү кишилер менен сүйлөшүп, менин 6 жылдык ишимди анализдедик. Жыйынтыгында федерация менин ишимди баалады. Акыркы 6 жыл ичинде Конфедерациялар кубогунда жана Дүйнө чемпиондугунда гана ийгилик коштогон жок”,- дейт ал.

Кошумчалай кетсек, Висенте дель Боске бул кызматка 2008-жылы дайындалып, Дүйнө чемпиондугун (2010) жана Европа чемпиондугун (2012) утуп алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.07.2014. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура чечим,Боскенин эмгеги кучтуу 3 жолу катары менен ири женишке жетишкен,эми бир жолу женилип калса айдап салган туура эмес чечим,2016 ийгилик жаратышы мумкун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: