super.kg logo

Жалал-Абадда жаратылыш кырсыктарында жарандык коргонуу боюнча машыгуулар жүрүүдө (фоторепортаж)

 
Жалал-Абад шаарында 2014-жылдын 16-июлунан 18-июлуна чейин «Сел, жер көчкү, өрт коркунучу болгон учурда Шаардык жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын иш-аракеттери» деген аталыштагы жалпы шаардык командалык-штабдык машыгуу жүрүүдө.

Ага шаарга караган мекеме-ишканалардан жалпы 130 адам катышып, 30 даана инженердик техникалар тартылды. Машыгуунун башталышында Жарандык коргонуу кызматтары өздөрүнүн функционалдык милдеттеринин чегинде иштерди аткарышты. Кетирилген айрым кемчиликтер машыгуунун жүрүшүндө жоюлууда.

Машыгуунун практикалык бөлүгүндө Жалал-Абад шаарындагы кооптуу участкаларды оңдоо-түзөө иштери, пландалгандай эле шаардын Транспорт көчөсүндө сел жүргөн учурда турак жайларды сел каптоо коркунучун жараткан арыкты тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Иш-чарага аймактагы өрткө каршы кызматы, ички иштер бөлүмү, РЭС, медицина кызматы катышты. 

Машыгууга КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Жусупжан Жээнбеков жетекчилик кылып, машыгуунун аягында ар бир кызматтын ишине өзүнчө баа бере тургандыгын билдирди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: