super.kg logo

Коргоо министрлиги: "Ысык-Көлдүн тоолорунда орун алган тик учактын кырсыкка учурашына катуу шамал себеп болгон"

 

Бүгүн, 18-июлда эртең менен Ысык-Көл облусунун Сары-Жаз аймагындагы тоолордо кырсыкка кабылган тик учак боюнча жаңы маалыматтар белгилүү болду. Бул тууралуу КРнын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, МИ-8 МТВ үлгүсүндөгү тик учагынын экипажы Ысык-Көл облусунун тоолорунда бутун сындырып алган альпинистти эвакуациялоо зарылдыгы тууралуу маалыматты алышкан жана сактап калуу операциясын жүргүзүү үчүн учуп кетишкен.

Эңилчектин түндүк аймактарынан учуп жаткан учурда катуу шамалдан улам тик учак кырсыкка кабылган. Экипаж менен альпинист зыян тартышкан жок.

Кырсыктын келип чыгышын изилдеп, аныктап чыгуу үчүн Башкы штабдын жетекчилиги тарабынан комиссия түзүлүп, анын курамына КРнын Аскер прокуратурасынын, КРнын Транспорт жана коммуникация министрлигинин Жарандык авиация департаментинин өкүлдөрүнүн кошулуусу макулдашылды. 

Аталган комиссия кырсык болгон аймакка аба транспорту аркылуу жөнөп кетти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: