Жылнаама, 20-июль: Мындан 41 жыл мурун америкалык жана гонконгдук актёр, режиссёр Брюс Ли 33 жашында каза болгон
* Мындан 41 жыл мурун, 1973-жылы америкалык жана гонконгдук актёр, режиссёр, чыгыштын жеке уруш өнөрлөрүнүн чебери Брюс Ли баш оорунун дарысын ичип каза болгон. Врачтар "мээсинде шишик болгондуктан, баш ооруну баса турган дары терс реакция берип өлгөн" деген тыянак чыгарышкан. Кийин Брюсту шаолинь кечилдеринин сырларын башкаларга сатканы үчүн уу берип өлтүрүшкөнү айтылган. * Мындан 3 жыл мурун, 2011-жылы Фергана өрөөнүндө күчү 6,1 баллга жеткен жер титирөө болуп, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанда кыйроолорго алып келген. Көптөгөн үйлөр кыйрап, 13 киши көз жумуп, 100гө жакын адам жаракат алган.
* 20-июль - Эл аралык шахмат күнү. Париж шаарында 1924-жылдын 20-июль күнү Эл аралык шахмат федерациясы (FIDE) негизделип, бул күн 1966-жылдан бери майрамдалып келет. Акыл оюнун белгилөө демилгеси Бүткүл дүйнөлүк шахмат федерациясы (ФИДЕ) тарабынан көтөрүлүп, бул күнү ар түркүн майрамдык мелдештер өткөрүлөт.20-июлда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(2)
Shorobashat
20.07.2014. 10:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул кундо откон экен да атактуу актёр, философ.
odin-takoy
20.07.2014. 12:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун жакшы киши
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















