super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен эл аралык мамилелерди талкуулады

 

Бүгүн, 19-июлда президент Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. Жолугушууда мамлекет башчыга тышкы иштер министрлеринин V кеңешмесинин “Борбордук Азия + Япония” диалогунун жыйынтыгы тууралуу маалымат берилди. Эрлан Абдылдаев Кыргызстан, Япония, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери менен өткөрүлгөн  сүйлөшүүлөрдө, эки тараптуу жана көп тараптуу форматта кызматташуунун абалы жана келечеги боюнча мазмундуу пикир алмашуу болгонун айтып берди. Министр жолугушууда кыргыз тарап өлкөлөр ортосундагы маселелерди конструктивдүү жол менен гана чечүү зарылчылыгын баса белгилегенин кабарлады.

Алмазбек Атамбаев менен министр Эрлан Абдылдаев регионалдык жана эл аралык актуалдуу маселелерди да талкуулашты. Мамлекет башчы өлкөнүн тышкы саясат боюнча күч-аракети эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну активдештирүүгө, ал эми келип чыккан маселелер Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен чечилүүгө тийиш экендигин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: