super.kg logo

Эртең куудул Жаныбек Алыкуловдун сөөгү жерге берилет

 
"Супер-Инфо" гезитине акыркы берген маегинде Жаныбек Алыкулов: «Манасымдан үмүтүм зор. Ал да менин жолумду жолдоп ырчы, тамада, куудул болуп жүрөт»,- деген.
"Супер-Инфо" гезитине акыркы берген маегинде Жаныбек Алыкуловдун «Жубайым жакшы ырдайт. Канча жолу ырдатайын десем болбой, «силерге ысык тамак берип, жылуу тосуп алуу – менин милдетим» деп келет» дегени бар.
Эртең, 21-июлда куудул, пародист Жаныбек Алыкуловдун сөөгү жерге берилет.   
Маркум Жаныбек Алыкуловдун сахналашы, куудул Кабыл Бөрүбаев: "Чоң талант, кайталангыс адам катары жаш бойдон кете берди. Бул кыргыз эли үчүн чоң жоготуу. Жакемдин атын өчүрбөгөнгө аракет кылабыз. Көптөн бери ооруп жүргөн. 2 күн комада жатып, бүгүн түнкү саат 1де үзүлдү. Анын сөөгү Ала-Тоо жаңы конушундагы жаңы ачылган бейитке коюлат",- деди.
Куудул гана эмес, ырчы катары да эл оозуна алынган Жаныбек Алыкулов 20-июлда 54 жаш курагында оорудан улам дүйнө салды. Аны кыргыз эли Шорпо деген лакап аты менен жакшы тааныйт. Бул тууралуу өзү "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде «Мурун Шорпо дешсе кызыктай боло берчүмүн. Азыр антпесе капа болом» деп билдирген. 
Кыргыз маданияты чоң жоготууга учурады. Эч кандай мамлекеттик сыйлык албаса да, калың элге жагымдуу маанай тартуулаганы менен ал ар бир кыргыздын эсинде кала берет. Анын жолун улай турган балдары бар. Уулу Манас Алыкулов кыргыз шоу дүйнөсүндө, концерттерде ырчылыкты, тамадалыкты аркалап, тасмаларда роль жаратып келет. 
Жаныбек Алыкуловдун төрт уул, эки кызы бар.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(43)
20.07.2014. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайы жаннатта болсун
20.07.2014. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы адамдар эрте кетет экен. Жаны жаннаттан жай алсын.
20.07.2014. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Yimany salamat bolsun uluu insan el batasyn algan jakwy adam ele
20.07.2014. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун.Калган омурун балдарына берсин.Уй булоосуно сабыр тилейбиз.
20.07.2014. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайы жаннаттан болсун! Кутту Рамазан айында кете бериптир..бул да болсо Аллахтын каалоосу!
20.07.2014. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан дери жайлуу болсун
20.07.2014. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ЖАткан жери жайлуу болсун. Жакшы адамдар кудайга да керек дешет. балким Жараткан ушуну каалагандыр жакындарына сабырдуулук. Кыргыз дагы дагы бир уулунан айрылды...
ai_temir түзөттү 20.07.2014 14:57
20.07.2014. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жайы жаннатан болсун.
20.07.2014. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.Аллахым жаннаттан жай берген болсун.
20.07.2014. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жайы жаннаттан болсун! жакындарына конул айтам сабыр берсин!
20.07.2014. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу ыйманы саламат болсун!биз эч качан унутпайбыз туурабы туугандар?
20.07.2014. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу,топурагы торко,ыйманы жолдош болсун.Эл алдына коп чыгып таланты тартуулабаса да ,Кыргыздын чыныгы,накура таланттарынын бири эле.
20.07.2014. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жайы жанатан болсун жакшы киши еле
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: