super.kg logo

Ошто өкмөт арзандаткан кумшекердин баасы өзгөрүүсүз калганы айтылууда

 
8-июлда вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев өлкөгө Азербейжандан 512 тонна кумшекердин биринчи партиясы келгенин, аймактарда 44,8 сомдон сатыларын айткан эле. Бирок өкмөт айткан баалар реалдуулукка айлана элек. Мындай маалымат 20-июлда Ош шаарындагы борбордук базарда сурамжылоо жүргүзгөн маалда белгилүү болду.
Анда Разия Ботобекова аттуу аял өткөн жумада базарда 53 сомдон турган кумшекерди соодалашып 50 сомдон алганын айтат. "Балким, өкмөт чындап эле кумшекерди арзан баада сатуучуларга сатып жаткандыр. Өткөн жумада 53 сомдон сатылып турган кумшекерди баалашып жатып 50 сомдон алдым. Эгерде арзан келбесе, мага 3 сом түшүп бербесе керек",- деди ал.
Ал эми сатуучулардын бири өкмөт кумшекердин арзандаарын айтканы менен, иш жүзүнө ашыра электигин билдирди. "Мен өзүм кумшекердин бир мүшөгүн 2450 сомдон алам. Аны килограммга айлантканда 49 сомдон түшөт. Бирок анын өзүнө жараша чыгымы бар, отурган орунуңа, алып келип берген арабакечке төлөйсүң, анан да пайда көрөйүн дейсиң. Учурда кумшекерди 55 сомдон, көп алчусуна 54 сомдон сатып жатам. Ал эми өкмөт айткан 44 сом азырынча сөз бойдон калууда",- дейт сатуучу Айнура Чолпонбаева.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
21.07.2014. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалал Абада арзанбы анда биз копто бери еле 2450сомдон еле алабызгоо
21.07.2014. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ал кумшекерди оздору алып басып койду да атка минерлерибиз Эртеге сатып-толбос чонтокко акча салайын-деп !!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: