2014-жылы 6 ай аралыгында расмий катталган жумушсуздардын саны 58,5 миң адамды түздү
Каржы министрлигинин расмий сайтына жайгаштырылган 2014-жылдын январь-июнуна Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары тууралуу маалыматка караганда, өлкөдө 6 ай ичинде расмий катталган жумушсуздардын саны 58,5 миң адамды түздү. Көрсөткүч 2013-жылдын тийиштүү мезгили менен салыштырмалуу 2,3 пайызга азайды. Өткөн жылдын январь-июнуна азаюу 6,4 пайыз болгон.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Ал эми орточо айлык акынын анык өсүшү 2014-жылы 5 ай аралыгында 1,9 пайызды түздү. Номиналдык туюнтууда орточо эмгек акы 11 668 сом деңгээлинде болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

