super.kg logo

Ош. Ак-Буура-Араван каналына чөгүп кеткен жарандын сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди

 

КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин республика боюнча куткаруу кызматтары тарабынан 20-июлда 5 чыгуу болгон. 

Ошто 18-июлда Ак-Буура-Араван каналына 1984-жылы туулган К.Айдаров чөгүп кеткен. Издөө иштерине 11 суучул катышты. 1 суткадан кийин К.Айдаровдун сөөгү Южный кичи районунан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Мындан сырткары Чүй облусуна караштуу Кемин районунун Нур айылында 17-июлда Чоң Чүй каналына 1951-жылы туулган Шаболот Абдысатаров чөгүп кеткен.

Эки күндөн кийин Ударник айылында Чоң Чүй каналынан жергиликтүү тургундар тарабынан Ш.Абдысатаровдун сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. 

Аламүдүн районунун Молдовановка айылында 18-июль күнү кичи ГЭС каналына 1952-жылы туулган А.Малородов чөгүп кеткен. Издөө иштерин КРнын ӨКМнын №1-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жүргүзүшкөн. 21-июлда саат 10:15те сөөгүн таап алып чыгышып, Аламүдүн РИИБинин кызматкерлерине өткөрүп беришти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
21.07.2014. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сузушту билбейле сууга тушпош керек да , , кудай сактасыыыын
22.07.2014. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сакта, абайлагылачы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: