Өлкө башчы Кара-Көл шаардык сотунун төрагасы Болот Момбековду мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотту
Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 21-июлда Жалал-Абаддагы Кара-Көл шаардык сотунун төрагасы Болот Момбековду мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу боюнча жарлыкка кол койду. Маалыматты президенттик аппараттан билдирди.
Жарлыкка КРнын Соттор кеңешинин сунушуна ылайык жана “КРнын сотторунун статусу жөнүндө” мыйзамындагы 64-берененин 3-бөлүмүнүн 4-пункту, 95-берененин 5-бөлүмүнүн жана 26-берененин 2-бөлүмүнүн 1-пунктунун негизинде кол коюлду.
Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

