Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөнүн курулушу токтоп калгандыгы айтылууда
Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөнүн курулушунун токтоп калгандыгы эл арасында кызуу талкууну жаратты. Ал эми курулуштун токтоп калганын шаардын вице-мэри Жапар Ормонов бүгүн, 21-июлда четке какты.
Автор: Айсана Паизова
Анын айтымында, эстакадалык көпүрөнүн курулуш иши жүрүп жатат. "Эми эл деген эл да, ал жерде бетон иштери жүрбөсө "токтоп калды" деген кептер тарап кетиптир. Жумуш өз нугунда баратат. Коммуникация иштери жүрүп жаткандыктан, элге көрүнбөй жатат. Азыркы тапта канализация иштерин сыртка чыгаруу, электр чубалгыларын тартуу сыяктуу иштер аткарылууда. Курулуш иши токтоп калышы мүмкүн эмес. Ошондой эле курулуштун экинчи этабы, тактап айтканда, цемент куюу иштери август айынын аягында башталат",- деди Ормонов.
Ошону менен катар жолдун четиндеги тротуарлардын жеке менчикке өтүп кеткендиги маселе жараткандыгын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

jaktan
berilgen buiruk ne kylaily emi desener