super.kg logo

Сокулукта жүк ташуучу унаа 200 түк чөп менен кошо күйүп кетип, айдоочу ооруканага жеткирилди

 

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, республиканын аймагында 23 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 25 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу 21-июлда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарындагы Ботаникалык бакчада тамеки чегүүдөгү этиятсыздыктан улам 700 чарчы метр куураган чөп күйгөн. 

Ал эми Чүйдүн Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылында ГАЗ-53 жүк ташуучу унаа 200 түк чөп менен кошо күйүп кеткен. Айдоочусу бетинен, колунан күйүк алып, өрт өчүрүүчүлөр жеткенче Сокулук районунун ооруканасына жеткирилген (аты-жөнү такталууда).

Мындан сырткары Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Ынтымак айыл өкмөтүндө шифер жабылган 2 кабаттуу сарайдын 240 чарчы метр чатыры, 4 тонна чөп, 1 куб жыгач, 2 тонна тезек күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: