Өкмөт башчы: "Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегатын ишке киргизүү энергия өндүрүүнү үч эсеге көбөйтөт"




КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Камбар-Ата-2 ГЭСинде болду. Бул тууралуу 21-июлда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Фото: Өкмөттүн басма сөз кызматы
Өкмөт башчы экинчи агрегатын ишке киргизүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын айтып: "Азыркы тапта экинчи агрегат үчүн Евразия банкынан 80 миллион доллар алуу боюнча келишим түзүлдү. Кубаттуулугу 120 мВт болгон жабдык орнотулгандан кийин Камбар-Ата-2 ГЭСинин энергия өндүрүүсү үч эсеге көбөйөт",- деди өкмөт башчы.
Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев: "Экинчи агрегатты ишке киргизүү 2016-жылга күтүлүп жатат. Ал эми үчүнчү агрегат Камбар-Ата-1 ГЭСи курулуп бүткөндөн кийин орнотулат",- деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
samar55

22.07.2014. 00:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишке киргизип эмне кыласынар тажиксктандан сатып алабыз да электр энергияны ...акча бизде кудайга шугур коп го мигранттар жоноткон акчадан налогду кобойтуп сыгып алабыз.
semakg

22.07.2014. 14:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
samar55, Аны ишке киргизуу ото эле шарттуу эмес болгону 80млн. еврону эптеп алып жешибиз керекда шайлоого чейин.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.