Социалдык өнүгүү министрлиги 2014-жылы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 535 майыптар коляскасын берди
Социалдык өнүгүү министрлиги жыл башынан бери ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 535 майыптар коляскасын берди. Бул тууралуу 22-июлда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Өткөн аптада Чоң-Алай, Бакай-Ата, Нарын, Аламүдүн жана Бишкектин Биринчи Май району боюнча 17 адамга берилди. Алардын сегизи жаш балдарга арналган.
Министрликтин басма сөз кызматы белгилегендей, майыптар арабасын берүү мурун 7 жаштан болсо, 2014-жылдан баштап 5 жашка кыскартылган. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди протездик-ортопедиялык жабдуулар менен камсыз кылууда республикалык ишкана колдоо көрсөтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.