super.kg logo

Бишкекте криминалдуу спортчулар менен уюшкан кылмыштуу топтун ортосундагы атышууга шектүү болгон жаран кармалды

 
Касым Эргешов

Бишкектин “Түштүк дарбазасы” сейил багында криминалдуу спортчулардын тобу менен уюшкан кылмыштуу тобунун ортосундагы ок атышууга негизги шектүү болгон жаран кармалды. Бул тууралуу 22-июлда ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматтарга караганда, 2013-жылдын февраль айында Бишкектин "Түштүк дарбазасы" сейил багында белгисиз адамдар жолугушуп, ортодо чыккан уруштун айынан ок атышуу орун алган. Жыйынтыгында Мирлан Атабеков жана Мирлан Жоробаев аттуу жарандарга ок тийип, М.Жоробаев алган жараатынан ооруканада каза болгон.

Кийинчерээк ал жолугушуу уюшкан кылмыштуу топтун жана криминалдуу спортчулардын тобунун ортосунда болгондугу аныкталган. Ал жерге спортчуларды Касым ломбардщик деген каймана аты бар Касым Эргешов уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен жолугушууга баштап келген. Жолугушуу учурунда мушташ чыгып кетип, ок атуучу жана травматикалык тапанчалардан ок чыгарылган.

Аз убакыт өткөн соң бул атышууга тиешеси бар Жеңиш Дөөталиев кармалып, ал өз жазасын алган. Ал эми негизги шектүү болгон Касым Эргешов из жашырып кетүүгө үлгүргөн.

Атайын жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин натыйжасында издөөгө алынган Касым Эргешов ушул жылдын 17-июль күнү Бишкекте кармалган. Учурда адам өлтүрүү фактысы боюнча иликтөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
22.07.2014. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
ммм-даа, и еще типа молдо да. молдолор аман эле болушсун
22.07.2014. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
сакал болсо эле молдо деп койгон болбойт го
22.07.2014. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
banditter baary ele jamynyp alywty
22.07.2014. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Апеей бул менин жездем болот боломдун кызынын куйосу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: