super.kg logo

Латвиянын "кара тизмесине" киргизилген Иосиф Кобзон, Олег Газманов, Валерия "Жаңы толкун” сынагына катыша алышпайт

 
Орусиялык ырчылар Олег Газманов, Иосиф Кобзон жана сынактын калыстар тобунун мүчөсү Валерия

Бүгүн, 22-июлда Латвиянын Юрмала шаарында өтө турган "Жаңы толкун" Эл аралык сынагынын салтанаттуу ачылыш аземи болот. Кыргызстандын намысын коргоо үчүн бул сынакка "Style Mix" триосу катышат. 

Белгилүү болгондой, сынактын ачылышында ырдай турган орусиялык ырчылар Иосиф Кобзон, Олег Газманов жана сынактын калыстар тобунун мүчөсү Валерия аталган өлкөнүн тышкы иштер министри Эдгарс Ринкевичтин чечими менен "кара тизмеге" киргизилгенине байланыштуу катыша алышпайт. Бул тууралуу орусиялык массалык маалымат каражаттары 21-июлда жазып чыгышты.

Бул артисттер өздөрүнүн аракеттери менен Украинанын эгемендүүлүгүн жана аймактык биримдүүлүгүн ажыратууга түрткү болушкан. Министрдин чечими иммиграция боюнча мыйзамдын 61-беренесине ылайык кабыл алынган. Артисттерге Латвияга кирүүгө белгисиз мөөнөткө чейин тыюу салынды” деп билдиришкен Латвиянын Тышкы иштер министрлигинен. 
Муну менен катар Эдгарс Ринкевич "эгер музыканттар азыркы тапта мамлекеттин аймагында жүрүшсө, чыгып кетиши керек, бирок алар күч менен чыгарылбайт" деп белгилеген.

“Бүгүнкү күндө “Жаңы толкун” олуттуу деп саналган эл аралык сынак. Аны орусиялык жарандар демилгелеп чыккан. Биз коомду бөлбөй эле, бириктирүүгө аракет кылабыз. Валерия калыстар тобунун мүчөсү болчу. Тышкы иштер министрлиги берип жаткан билдирүү негизсиз”,- дейт Валериянын күйөөсү жана продюсери Иосиф Пригожин.

Буга чейин украиналык “Океан Эльзи” рок тобунун музыканттары Орусияга концерт берүүгө киргизилбей жаткандыгы тууралуу кат пайда болгондо бул тууралуу Иосиф Кобзондун “Киргизбей койгону чала болду! Анткени булар Майданга чыгышкан. Ылгап жүрүш керек, бул деген тамаша эмес. Эмне үчүн Майданга чыктыңар? Эмне үчүн эркекче "акцияга катышпайбыз" деген жоксуңар? Силер Улуу Ата Мекендик согушта Донбасстагы жаш гвардиячылардын эрдигин унутуп калдыңарбы? Эмне үчүн Майдандан кийин Орусияга келгиңер келип жатат? Тоюнуш үчүнбү? Өзүңөрдөн тоюнгула! Мени да Майданга чыгууга чакырышкан. Бирок мен айткам, "бандиттердин алдында ырдабайм" деп билдиргем” дегени тараган.






Иосиф Кобзон, Олег Газманов, Валерия "Жаңы толкунга" катыша алышпайт

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: