Эртең Нариман Түлеевдин иши боюнча соттук отурум уланат
Борбор калаанын экс-мэри Нариман Түлеевдин иши боюнча соттук отурум 23-июлга жылдырылды. Бул Бишкек шаардык соту Бишкектеги “Тазалык” муниципалдык ишканасынын мурунку директору Бакыт Сыдыковдун жактоочусу Чолпон Темирбаеванын сотко келбегенине байланыштуу экенин айтты.
Эске салсак, 2013-жылы 29-июль күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Түлеевди мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан. Ал коррупциялык иштер боюнча айыпталган. Аны менен кошо иштеген айыпталуучулар да 5 жылдан 13 жылга чейин эркинен ажыратылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















