super.kg logo
  Саясат  

Украинада кырсыкка кабылган малайзиялык учактын “кара кутусу” эксперттерге өткөрүлүп берилди

 

Украинанын чыгышына кулап түшкөн малайзиялык Боинг-777 учагынын "кара кутусун" Донецк аймагында түзүлгөн элдик бийлик бүгүн, 22-июлда малайзиялык эксперттерге өткөрүп беришти. Бул тууралуу чет элдик ММКлар жазып чыгышты. Ошондой эле тараптар “кара кутуну” өткөрүп берүү боюнча тиешелүү меморандумга кол коюшту.

Донецк "Элдик Республикасынын" Премьер-министри Александр Бордай “кара кутуну” малайзиялык эксперттерге өткөрүп берүү учурунда Боинг-777 учагынын кыйрашы Украина бийлигинин жоопкерчилигинде экенин айтты.

Малайзиялык эксперттер “кара куту” учактын кандай жана эмне себептен кыйраганы боюнча так маалыматтарды берет деген ишенимде болушууда. Ал эми бүгүн Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши кырсык болгон аймакка эл аралык уюмдардын өтүүсүнө жол ачууну талап кылган резолюция кабыл алды.  

Эске салсак, Украинада 17-июлда малайзиялык Боинг-777 учагы жарылып, 298 адам каза тапкан. Учурда каза болгондордун сөөктөрү жыйналып бүтүп, экспертизага жиберилди. 






Украинада кырсыкка кабылган малайзиялык учактын “кара кутучасы” эксперттерге өткөрүлүп берилди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: