super.kg logo

Ошто жарым жылдын жыйынтыгы менен облустун социалдык-экономикалык абалы каралган коллегиялык жыйын өттү

 
Бүгүн, 22-июлда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө коллегиялык жыйын болуп өттү. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Анда 2014-жылдын I жарым жылдын жыйынтыгы менен облустун социалдык-экономикалык абалы каралды. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Байыш Юсупов баяндама жасап, райондордо берилген төлөмдүн ашыгы менен аткарылганын айтып өттү.
Ошондой эле жыйында КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков келе жаткан кышка даярдык жогорку деңгээлде болушу шарт деп баса белгилеп өттү. Азыртадан көмүрлөргө тендерлер өткөрүлүп, электр жылытуу системин көмүргө өткөрүү тапшырмасын берди. Ошондой эле "Ош электр" ишканасынын директору Даминовго кышка карата электр трансформаторлорун кароодон өткөрүп, электр жылытуу системин көмүргө өткөрүүнү тапшырды.                                              





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: