super.kg logo

Ысык-Көл. Зордукталып, өз шымына муунтулуп өлтүрүлгөн эки кылмышты бир адам жасагандыгы айтылууда

 
Каза тапкан 32 жаштагы Гүлбарчынга тиешелүү SIM-карталар. Шектүү маркумдун "Самсунг" жана "Нокиа" үлгүсүндөгү 2 телефонун алып, SIM-карталарын ыргытып жиберген.
Маркумдун денеси табылган жер.
Кылмышка шектелип кармалган 22 жаштагы Адилет Кудайбергенов.
Маркумдун денеси көмүлгөн Челпек айылынын четиндеги чычырканактуу аймак.

Ысык-Көлдө зордукталып, өз шымына муунтулуп өлтүрүлгөн эки кылмышты бир адам жасагандыгы айтылууда. 16-июлда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Челпек айылынын айланасындагы чычырканактын арасынан 32 жаштагы айымдын жерге көмүлгөн жансыз денеси табылган. 

Облустук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Тилек Тюкебаев кылмыш иши тууралуу: “Адамдын сөөгү кылмышка шектүүнүн өзүнүн берген көрсөтмөсү боюнча табылды. 32 жаштагы Гүлбарчын 11-июлдан бери издөөдө болуп, табылбай келген. Шектүү катары Ак-Суу районунун Бурма-Суу айылынын 22 жаштагы тургуну Адилет Кудайбергеновду кармадык. Ал кылган күнөөсүн мойнуна алып, сөөк көмүлгөн жерди көрсөтүп берди. 5 күндүн ичинде дене бузулуп, курттап кеткен. Шектүүнүн үстүнөн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүгү (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду”,- деп билдирди. 

Эске салсак, мындан бир жарым ай мурун, тактап айтканда, 7-июнда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы талаадан зордукталып, өзүнүн кийип жүргөн шымы менен муунтулуп өлтүрүлгөн 17 жаштагы студент кыздын сөөгү табылган. Учурда бул кылмыш ишинин бети ачыла элек. 

Өздүк маалымат булактарыбыздан жогорудагы 2 кылмыш ишинин мотивдери окшош болуп, 32 жаштагы Гүлбарчын аттуу айымды өлтүрүүгө шектелип жаткан Адилет Кудайбергенов 17 жаштагы студент кызды да өлтүрүүгө катыштыгы бар экендиги тууралуу көрсөтмө бергендигин билдиришти.  

Ушул эки окуя тууралуу кененирээк "Супер-Инфо" гезитинин 25-июль күнү чыга турган 612-санынан окуй аласыздар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(15)
22.07.2014. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудай сакта...
Бизде , айрыкча Кыргызстанда зордуктоо аябай коп...
Эмнеге???
22.07.2014. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандай гана мыкаачылык
22.07.2014. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизде карупция кучтуу ошон учун кылмыштар коп болот
22.07.2014. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
elgiz0890, биринчиден Коррупция , экинчиден доодурой бербечи ,озу ошол айткан созундун маанисин эмес туура жазышты уйронуп алып анан кыйын болгулачы, бирдеме болсоле коррупцияя кучтуу деп эле митингден баш чыкпай калды,мындай нерсе жумушсуздуктан пайда болот ,не бироо бул маньяка акча бериптирби же ушул кызды олтур деп ?
22.07.2014. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
draude,
Менимче Орозалинин айтуусу туура эле , коррупция бар учун коркпой деле кылмыш кылып атышат, себеби акча берип жазадан кутулуп кетсе болот... Кыргызбайский вариянт менен.
22.07.2014. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай кечирсин куноосун! Адамдык сапатты кайда жоготтук экен?!
22.07.2014. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Соз жок просто жырткыч экен .Кайсы эне байкуш ушундай мыкаачыны тороду экен.Кайсы байкуш эне кызын ушул мыкаачыны олтурсун деп кызын тороду экен.
23.07.2014. 02:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
манкурт
23.07.2014. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Психикалык жактан ооруйт окшойт.Кылган куноосу учун 1-закон алдында бул дуйнодо,2-орду келгенде аркы дуйнодо жооп берет!!!!
23.07.2014. 03:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oi kudai emneler bolup jatat
23.07.2014. 08:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Балдарыбыз мектепке, садике акча төлөп барышат
анан келсе түрмөдө жаткан ушундай мыкаачыларды мамлекет багат экен да.
кандай гана акыйкатсыздык,
өлүмгө өлүм деш керек, бир эмес эки үч адамды өлтүргөндөн кийин жер үстүндө кантип басып жүрөт
23.07.2014. 08:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сакта...
23.07.2014. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
туура акча менен баарын бутурсо болот бизде кыргызстанда.менин жакын тууганымдын баласы педофилдин колунан жапа тарткан .оперлердин колуна кармап берсе 2 айдан кийин ошол бала кайра эле дагы бир орус кичинекей кызды зордуктады деп ммкада суроту менен чыгыптыраны да токойдо эс алып жургон орус улутундагы балдар коруп калып милиция келгиче качырбай кармап турган.колундагы бычагы аларга да кол салганга аракет кылганын айтып беришкен.ал бала дагы деле боштондукта болсо керек...
23.07.2014. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудайым бардык пенделерине ыйман,ынсап берсин
23.07.2014. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыкаачы ит тууган.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: