Казакстандагы кыргызстандык мигранттарды биометрикалык маалымат чогултуу менен тааныштырышты
Казакстан Республикасынын Астана, Актау жана Кызылорда шаарларында эмгектенген кыргызстандык мигранттар биометрикалык маалыматты чогултуу боюнча кабардар болушту. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өткөн аптада аталган мамлекеттеги элчилик Кыргызстандын этникалык-маданияттык борборлорунун жетекчилери жана мигранттар менен жолугушуу өткөргөн. Иш-чарада КРнын жарандарынан биометрикалык маалыматтарды чогултуу 2014-жылдын 31-августунда башталып, 2015-жылдын июль айына чейин өтөрү айтылды. Мындан тышкары элчилик жолугушуунун катышуучуларынан мекендештерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү жана биометрикалык маалыматтарды чогултууда көмөк көрсөтүүнү суранышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.