super.kg logo

Бүгүн Кыргызстандын атынан "Style Mix" триосу катышып жаткан "Жаңы толкун" Эл аралык сынагы старт алды

 
Алып баруучулук милдетти аркалаган Александр Ревва, Лера Кудрявцева, Анна Семенович жана Сергей Лазарев.
“Жаңы толкун-2014” сынагынын катышуучулары.
"Style Mix" триосу.
"Style Mix" триосу.
Көптөгөн жаш ырчылардын багын ачкан сынакты Орусиянын “Серебро” тобу ачып берди.
Орусиялык ырчы Николай Басков.
Ырчылар Потап менен Настя.
Сынактын уюштуруучуларынын бири композитор Игорь Крутой.
“Жаңы толкун-2014” сынагынын катышуучулары.

Бүгүн, 22-июлда Латвиянын Юрмала шаарында "Жаңы толкун" Эл аралык сынагынын салтанаттуу ачылыш аземи өткөрүлдү. Сынакка Кыргызстандын намысын коргоп "Style Mix" триосу катышып жатат. Эстрада жылдыздарынан куралган коноктор салтка айланып калган кызыл килемден өтүшүп, “Дзинтари” концерттик аянтынан орун алышты. Андан соң фестивалдын түптөөчүлөрүнүн бири болгон композитор Игорь Крутой сынактын катышуучуларына ийгилик каалап, музыкалык сынак старт алганын жарыялады. Алып баруучулук милдетти Липа, Анна СеменовичСтас Костюшкин, Александр Ревва, Сергей Лазарев жана Лера Кудрявцева аркалашат. Көптөгөн жаш ырчылардын багын ачкан сынакты Орусиянын “Серебро” тобу ачып берди.

Бул күнү Валерий Леонтьев, Валерий Меладзе, “Серебро” тобу, Сергей Лазарев, Потап менен Настя, Леонид Агутин, Полина Гагарина, Нюша, Доминик Жокер, Анжелика Варум, Александр Буйнов, Денис Клявер, Роберто Кел, Жасмин, “Дискотека Авария” тобу жана башкалар чыгармаларын тартуулашты. Сынактын ачылышында ырдай турган орусиялык ырчылар Иосиф Кобзон, Олег Газманов жана сынактын калыстар тобунун мүчөсү Валерия аталган өлкөнүн тышкы иштер министри Эдгарс Ринкевичтин чечими менен "кара тизмеге" киргизилгенине байланыштуу катышышкан жок. 

Орусиялык ырчылар чүчү кулак менен сынактын катышуучуларына сахнага канчанчы болуп чыгарын аныктап, тиешелүү номурларды алып беришти. Жыйынтыгында Кыргызстандын атынан катышып жаткан "Style Mix" триосу эртең дүйнөлүк хит ырларды аткаруу боюнча сынакта биринчи номур менен ырдап чыгышат. 

Анда "Style Mix" триосу британиялык ырчы Jessie J`нин “Price tag” ырын аткарып сынакты ачып берет. Ал эми сынактын кийинки күндөрү “IOWA” тобунун “Жылмай” (“Улыбайся”) ырын жана Акжол Канатбековго жана москвалык акын Вениамин Борисовго, обону топтун мүчөсү Адилет Эркинбек уулуна таандык “Жыргал күндөргө умтулуу” ырына обон созушат.

Сынакта Кыргызстан, Орусия, Украина, Армения, Литва, Казакстан, Италия, Грузия, Германия жана Латвия мамлекеттеринин жаш аткаруучулары ат салышууда.

“Жаңы толкун-2014” сынагынын катышуучулары:

Кыргызстан – STYLE MIX” триосу

Армения  Сона Рубенян

Германия  Gladys Mwachiti

Грузия  Nutsa Buzaladze

Израиль  Сэм Он

Италия  Antonio Maggio

Казакстан  Алишер Каримов

Латвия  Стас Шуринс

Литва  Моника Линките

Молдова  Исак Лидия

Орусия  О’Генри” тобу, Юлия Плаксина жана Нодар Ревия

АКШ – Тайшон Колкуит (Tyshawn Colquitt)

Украина  Виктория Петрик жана Вячеслав Рыбиков 

Концерттик программа: (Бишкек убактысы боюнча)

22-июль, 23:00 – Фестивалдын салтанаттуу ачылыш аземи.

23-июлдан 24-июлга караган түнү 01:50 – Сынактын биринчи күнү. Дүйнөлүк хит ырларын аткарышат.

24-июлдан 25-июлга караган түнү 01:50 – Сынактын экинчи күнү. Өз өлкөсүнүн хит ырларын аткарышат.

25-июлдан 26-июлга караган түнү 00:50 – Алла Пугачёванын чыгармачылык кечеси.

26-июлдан 27-июлга караган түнү 01:20 – Сынактын үчүнчү күнү. Жаңы чыгарылган ырларды аткарышат.

27-июлдан 28-июлга караган түнү 00:50 – Фестивалдын жабылышы. Гала-концерт коюлуп, жеңүүчүлөр сыйланат.

 






Жаӊы толкун-2014: Ачылуу аземинин 2-бөлүгү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(10)
23.07.2014. 06:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ийгилик жениш и жениш каалайм
23.07.2014. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алга Кыргызстан, алга Стайл Микс
23.07.2014. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
стайл микс деп угуп калам.булардын канча ыры бар.качан чыгышкан
23.07.2014. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кайсыл каналда болот экен?
23.07.2014. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандын атынан барган Стайл Микске Аллахым куч кубат берсин!
Медиа-портал
23.07.2014. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Style Mixtin baldary kalpak kijip chygyptyr asamattar!!!
Медиа-портал
23.07.2014. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Stile-Mix Силерге ийгилик,алдынкы орунду ээлеп келишинерге чын журоктон тилектешмин!!!!!!
Медиа-портал
23.07.2014. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bizdikiler kanchanchy minutada chykty dostor? ech tappai koidum((
Медиа-портал
24.07.2014. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emilyen86, 1.00.40
23.07.2014. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда да таланттуулар коп экенин далилдеп, жениш менен кайтып келуунорду кутобуз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: